• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Комитет "Элдик курултай жөнүндөгү" конституциялык мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет президент тарабынан демилгеленген "Элдик курултай жөнүндөгү" конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулады.

ЖКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзам долбоору тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылганын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Нурбек Сыдыгалиев курултайдын тышкы жана ички саясат багытындагы маселелерди кароосу тууралуу тактап: "Анда эмне үчүн Тышкы иштер министрлиги?", - деди депутат. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев курултай – бул коомду өнүктүрүү багыттары боюнча кеңеш берүүчү жыйын деп жооп берди.

Депутат Гуля Кожокулова элдик курултайдын делегатынын ыйгарым укуктарын бир жыл бою сактап калуу позициясын колдой турганын, анткени элдик курултайды кезексиз жыйынга чакыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков элдик курултайды чакыруунун тартиби, ыйгарым укуктары тууралуу маселени көтөрдү. Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова Элдик курултайдын чечимдерине көңүл буруп, аталган чечимдерди ишке ашыруу боюнча долбоордун 12-беренеси жөнүндө маселе көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий