• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Комитет “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маселени парламент жыйынына алып чыгуу чечимине келди

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде «Суусамыр-Талас-Тараз” автомобиль жолунун 75-105-чакырымдарында жүргүзүлгөн жер казуу иштеринин көлөмүн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө жумушчу топтун маалыматы угулду. Депутат Абдыбек Дюшалиев Жолду салуу жана оңдоо учурунда келип чыккан коррупциялык иштердин бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жолду куруу жоопкерчилигин алган компания “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” ишти так аткарган эмес. Эсеп палатасынан сунуштама алган мекеме катары эч кандай карыжылык отчеттерду да берген эмес.

Комитет жыйынында төмөндөгүдөй чечимге келди: Башкы прокуратура жазык ишин текшерүү үчүн талаптагыдай прокурордук көзөмөлдү камсыз кылып, кабыл алынган процессттик чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн терең жана кылдат иликтесин. Соттук кароонун стадиясында мамлекеттик айыптоону сапаттуу камсыз кылуу менен, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууда жасалган кылмыш үчүн жазанын болбой койбостугу принцибин ишке ашырууга жетишсин. Башкы прокуратура жазык ишин текшерүүнүн натыйжалары жөнүнө 2018-жылдын 20-ноябрына карата комитетке маалымат берсин.

Ошондой эле, комитет биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрүн чакырып, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат укту. Суроо-жооп маалында комитеттин төрайымы Наталья Никитенко жети жылдан бери бул долбоор ишке ашпай жатканын сынга алды. Бир жыл ичинде 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон. Жол кырсыгы күндөн-күнгө көбөйүүдө, ал эми бул долбоорду жүзөөгө ашыруу жаатын эч ким көзөмөлгө албай келет.

Депутат Бакирдин Субанбеков арзан эле баада ушул сыяктуу долбоорлор коңшу Казакстан менен Тажикстанда натыйжалуу иштеп жатканын кошумчалады. Депутат Искендер Матраимов долбоор кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн айрым жеп-ичер чиновниктердин айынан ишке ашпай жатканын айтып баса белгиледи. “Коопсуз шаар” долбоору кезинде 85 млн долларга бааланганынын, азыр ал 32 мн долларга баалынып жатканынын себептерин жана жоопкерчиликти ким аларын тактады.

Кубатбек Боронов “Коопсуз шаар” долбоору быйыл ишке кирерин белгилеп, Бишкекте стационардык 34, бузууларды аныктаган 20, жол иретин көзөмөлгө алган 54 видеобайкоо жабдуулары орнотулары планадалып жатканын билдирди.

Тармактык комитет “Коопсуз шаар” долбоору боюнча угузулган өкмөттүн маалыматын “канаттандырарлык” эмес деп таап, аны Жогорку Кеӊештин жыйынына алып чыгуу чечимине келди.

Пикир

Оставить комментарий