• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Комитет министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.22./Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети 29-марттагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Төрөбаевдин талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Талкуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Төрөбаев Бакыт Эргешевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий