• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Комитет ТИМ башчылыгына сунушталган Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жээнбек Кулубаевди КРнын тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Сунушталган талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Депутаттар тышкы саясат, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдөө, дипломатиялык иш үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо жаатындагы маселелерди ортого салышты. Талкуунун жыйынтыгы менен тармактык комитет КР тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берүү үчүн Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий