• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коммерциялык банктарга насыяны убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум жазбоо сунушталды – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Коммерциялык банктарга насыяны убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум жазбоо сунушталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, банк системасынын туруктуулугун колдоо жана ишкерлер үчүн оорчулук келбеши үчүн Улуттук банк коммерциялык банктарга жана банктык эмес каржы-насыя уюмдарына насыя келишимдерин кайра кароо байланыштуу комиссия же башка төлөмдөрдү алууга тыюу салган талаптарды койду. Ошондой эле келишимди аткарбоо, башкача айтканда насыяны убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум, айыппул салууга тыюу салынды.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу бардык банктарга насыянын төлөө мөөнөтүн 3 айга узартуу жана насыяны убагында төлөбөгөндүгү үчүн ал убакытта кардардын насыя таржымалына кошпоо сунушталган.

"Сунуштар Улуттук банк атайын чечим кабыл алганга чейин күчүндө болот", - деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү коммерциялык банктар жарандардын жана ишкерлердин насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыруу, насыян реструктуризациялоо боюнча кайрылууларын карап жатат.

Пикир

Оставить комментарий