• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору – демилгечилер сунуштарды угууга даяр

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова, М. Маматалиев.

Бүгүн Бишкекте ал мыйзам долбоорунун демилгечилери, жарандык коом жана бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен онлайн режимде талкуу болуп өттү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыбек Райымкуловдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын каржы ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана отчеттулугун ишке ашыруу.

“Учурда мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өтүп, комитеттин кароосунда турат. Ошондой эле коомдук жана эксперттик талкуулар болууда. Бул жерде бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу тууралуу сөз болуп жатканын айтып кетүү керек. Учурда алар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитетине жана Салык кызматына тапшырат”, - деди ал.

Анын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чет элдик агент деген түшүнүк жок.

“Бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү биздин жарандар. Аларды кантип чет элдик агенттердин катарына кошууга болот. Сунушталып жаткан мыйзам жөнөкөйлөтүлгөн. Мыйзам каржы отчеттуулугун талап кылат. Жогоруда айткандай, бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык уюмдар берген отчетторду отчет деп айтууга болбойт. Алардын жашыруун деген мөөрү бар. Биз алардын отчеттору коомчулукка жеткиликтүү болсун деп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий