• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамда алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган эч нерсе жок – депутат

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б. Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б. Турусбеков, У. Примов, У. Кыдыралиев, Е. Строкова, А. Исмаилова, М. Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев айтымында, ал аталган мыйзам долбоорунан коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү үчүн чектөөлөрдү көргөн жок.

“Ал жерде ачыктык болсун деп сунушталууда – каржы, иштеген адамдар ж.б. тууралуу отчет. Ал мыйзамды бешинчи чакырылыштан бери билем. Анда да ал маселе көтөрүлгөн. Менимче, бейөкмөт уюмдар каржы алып, ал акчаны кайсы жакка жумшап жатканын көрсөтсө анда жаман нерсе жок. Ал жерде аларды кайсыл жакка чыгымдап жатасыңар, отчет бериле деген маселе жок. Ал жакта маселе каражаттар кайсы максаттарга келгени тууралуу болуп жатат”, - деди ал.

Ал, грант менен насыялар алынганда парламенттен ратификациядан өтөрүн мисал келтирди.

“Мамлекет баарын ачык көрсөтүп жатат. Эгер бейөкмөт уюмдары ачык иштесе, анда жаман нерсе жок деп эсептейм. Аларга акча башка өлкөдөн келип жатат. Акчаны эч ким жөн эле которбойт. Кайрымдуулук үчүн келсе, кайрымдулукка деп отчет берсин. Алар салык кызматында каттоодо турушат. Ал жерде отчет беришет. Болгону каражат качан келерин жана алганын айтышсын. Мисалы, коммерциялык уюм ишмердигин жүргүзгөндө каржы документтерин көрсөтөт. Мыйзамды колдогон жана каршы болгондор бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий