• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды толуктап иштеп чыгууга жана кызматташууга даярбыз – депутат

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Марлен Маматалиев бүгүн онлайн конференция учурунда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн мыйзам долбоорунун үстүндө конструктивдүү иш алып барууга жана конструктивдүү кызматташууга чакырды.

“Мен сунуш берип, алар эске алынып, мыйзам долбооруна кошулду. Дагы бир сунушум киргизиле элек. Менимче тил табышып, ал мыйзам долбоору боюнча бирге иштеше алабыз”, - деди ал.

Анын айтымында, эгер анын сунуштары эске алынбаса ал авторлордун катарынан чыгууга даяр.

“Бирок ал мыйзам долбоору толукталып кабыл алынат деген үмүтүм бар. Гей-параддарды уюштурганда аны ким өткөрүп жатат деген суроо болуп, ал айрым бейөкмөт уюмдар тарабынан каржылаганы аныкталган. Мен бейөкмөт уюмдарга каршы эмесмин. Бирок гей-параддарды үгүттөгөндөргө каршымын. Мен конструктивдүү ишке чакырам. Эгер сунушуңар бар болсо, аларды карап чыгууга даярбыз”, - деди ал.

Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова, М. Маматалиев.

Пикир

Оставить комментарий