• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча маселе ачык, биз сунуштарды угууга даярбыз – депутат Турусбеков

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн конференциянын жүрүшүндө «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, анда мыйзам долбоорунун авторлорунун бири ЖКнын депутаты Бактыбек Турусбеков депутаттар коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн сунуштарын угууга даяр экендигин жана мыйзам долбоорунун үстүндө активдүү иш алып барууга жана конструктивдүү талкууга чакырды.

«Биз кесиптештер, достор баарыбыз коомдун жыргалчылыгы үчүн иштөөнү көздөп бир максатка бириккенбиз. Сократ айткандай; «Платон менин досум, бирок чындык кымбат». Бул жерде сын-пикирлер айтылды, мен айрым өкмөттүк эмес уюмдарды колдойм, кесиптештериме ыраазычылык билдиргим келет. Айтылган сын-пикирлер жана сунуштардын баары абдан позитивдүү болду. Бүгүнкү күндө бизде 30 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар бар, алар тарабынан жарандарга абдан чоң жардамдар көрсөтүлүп келет. Пандемия коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан биздин өлкөгө кандай чоң жардам көрсөтүлүп жаткандыгын көрсөттү», - деди депутат.

«Мен айтып өткөндөй, биз бир аянтчадабыз жана биздин ортобуздагы чындык бар. Биз бири-бирибизди түшүнүшө алгандай позитивдүү диалог болду. Эгерде кандайдыр бир ой-пикирлер болсо айтыш керек. Мыйзам бизге коомдун жашоо-шартын жакшыртуу үчүн керек. Маселе ачык жана чечим 120 депутат тарабынан кабыл алынат. Бирок бул мыйзам долбоорун кийинки парламентке киргизүү сунушуу айтылды, бирок биз ага жетишпей калышыбыз мүмкүн», - деп кошумчалады Турусбеков.

Депутат дагы бир ирет баардыгын мыйзам долбоорунун үстүндө активдүү иш алып барууга жана конструктивдүү талкууга чакырып, буга окшогон мыйзам кабыл алынган Европа өлкөлөрүнүн мисалын келтирди.

«Биз ачыктыкка жана маалымдуулукка чакырабыз. Башында отчет деген сөз бир аз кооптонууну жаратандыгы менен макулмун. Бирок ал жерде статистикалык конфиденциалдуулук деген түшүнүк бар, башкача айтканда, каалаган ар бир адамга эле ал маалымат менен таанышууга жол берилбейт. Биздин мыйзамдар туура болушун жана калктын кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгын талкуулап жатабыз. Биздин максат бир. Бүгүнкү өзгөрүүлөр сиздердин сунушуңар менен киргизилүүдө, ошондуктан дагы силерден конкреттүү сунуштарды күтөбүз, кийинчерээк депутаттар дагы талкуулашат. Бизде эки жумалык иш калды, биз аны кабыл алганга жетишебизди же жокпу бул дагы өзүнчө маселе. Ар кимдин өз сунуштары бар. Жалпысынан айтканда мен айрым өкмөттүк эмес уюмдардын сунушун колдойм», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Турусбеков.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова, М. Маматалиев.

Пикир

Оставить комментарий