• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ачыктыгы тууралуу мыйзам долбоору алардын ишмердүүлүгүн бекемдейт – депутат

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ачыктыгы тууралуу мыйзам долбоору алардын ишмердүүлүгүн бекемдеп, эл менен жакынданат. Мындай пикирин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, ал мыйзам долбоору менен гранттык, бюджеттик каражаттардын, ошондой эле акысыз негизде берилген акча каражаттарынын эсебинен иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тийиштүү форма боюнча финансы каражаттарынын түзүлгөн булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматты бере тургандыгын караган ченемдер сунушталат. Көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

“Учурда мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өтүп, комитеттин кароосунда турат. Ошондой эле коомдук жана эксперттик талкуулар болууда. Тараптардын пикири экиге бөлүнүүдө. Жөнөкөй тил менен айтканда бул мыйзам долбоору коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн ачык кылат. Учурда алар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитетине жана Салык кызматына тапшырат”, - дейт мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Бактыбек Райымкулов.

Анын айтымында, бул сыяктуу мыйзамды мурдагы чакырылыштагы парламент кабыл алууну сунуштаган.

“Сунушталып жаткан мыйзамда коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чет элдик агентке теңеген түшүнүк жок. Мурдагы парламенттин мыйзамында алар кайсы бир органга отчет берүүсү тууралуу демилге болгон. Азыркы вариантта ал жок. Ал мыйзам кароодо турат жана ар түрдүү сунуштар көңүлгө алынат. Жалпысынан бул мыйзам коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектебейт. Ошондой эле алар өкмөт менен кызматташа алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий