• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Компьютердик оюндар адамдын кабыл алуусун өзгөртөт - окумуштуулардын изилдөөсүнөн

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Компьютердик оюндарды жакшы көргөн адамдар зордук-зомбулук көрүнүштөргө башка адамдарга салыштырмалуу азыраак реакция жасашат. Мындай чечимге Visual Cognition журналында өз изилдөөлөрүн басып чыгарган нейрофизиологдор келген.

“Учурда бизде зомбулук бар компьютердик оюндар кандай жол менен адамдын жашоосуна, өзүн алып жүрүүсүнө таасир тийгизе тургандыгы тууралуу так жооп жок. Биз азырынча адамдын сезимдери анын дүйнөнү кабыл алууга кандай таасирин тийгизээри тууралуу бөлүктү гана изилдедик. Бизге дагы кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү керек”, - деп билдирди Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс университетинин окумуштуусу Стив Мост.

Акыркы 20 жыл аралыгында коомдук ишкерлерлер, саясатчылар, окумуштуулар жана ата-энелер компьютердик оюндардын адамдын ден соолугуна жана мээсинин иштешине кандай таасирин тийгизээри тууралуу теманы көп талкуулап келишет.

Нейрофизиологдор белгилегендей, кээ бир оюндар адамдын мээсинин кээ бир бөлүктөрүнүн, эске тутуусун жакшырта тургандыгын аныкташкан. Бирок окумуштуулар баса белгилегендей, компьютердик оюндар менен өзгөчө көп алектенүү узак мөөнөттүү эске тутуунун начарлашына жана башка негативдүү өзгөрүүлөргө алып келет.

Мост жана анын шериктери бул маселеде дагы бир маанилүү нерсени ачышкан. Оюн ойногон адамдар зомбулук көрүнүштөрү бар окуялардан коркпой, көп маани бербей калаарын изилдеп чыгышкан.

Нейрофизиолог түшүндүргөндөй көп учурда адам катуу сүйүнгөндө, абдан корккондо же дагы башка абдан күчтүү сезимдер болгондо, адамдын кабыл алуу сезимдери мокоп калат. Алар белгилегендей, зомбулук сценары көп оюндар адамдардын ошол кабыл алуу сезимин мокотуп салат.

Окумуштуулар тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, бир нече адамды чогултуп эки топко бөлгөн. Биринчисинде компьютердик оюндарды такыр ойнобогон, ал эми экинчисинде компьютер оюндарына катуу кызыккан адамдар болгон. Алардын баардыгына көп нерселердин сүрөттөрүн көрсөтүп алардын ичинен туура эмес сүрөттү табууну тапшырган. Бирок, ошол сүрөттөрдү көрсөтүүдө, арасына зомбулук көрүнүштөрү бар сүрөттөрдү да кошушкан. Ошондо оюнчулар туура эмес тартылган сүрөттөрдү көбүрөөк таап, ал эми биринчи топтун адамдары начар жыйынтык көрсөткөн. Бул жөнөкөй адамдар зордук-зомбулука катуу сезимдерди сезип, адашып башташкан.

Окумуштуулар өзгөчө кырдаал жана башка кырсыктарга куткаруучулардын өзүн алып жүрүүсүн талдоодо ушул феноменди эске алууну белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий