• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Компьютердик оюндарга берилүү – оору деп табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму компьютердик оюндарга ашкере берилүүнү – оорулардын жаңы эл аралык классификациясына киргизди. Уюмга мүчө өлкөлөр бул чечимди Женевада өткөн Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясында кабыл алышты.

Оруулардын эл аралык классификациясына клиникалык иликтөөгө алына турган илдеттер кирет, мындан жапа чеккен кишилер дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Оорулардын жаңы классификациясы 2022-жылы күчүнө кирет. Компьютердик оюндарга ашкере берилүү – жеке, үй-бүлөлүк, социалдык көйгөйлөрдү жаратары белгиленген.

​ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикиринде, бул илдетке чалдыккандар үчүн оюндар жашоодо маанилүү башка кызыкчылыктардан жана ишмердүүлүктөн жогору турат.

Компьютердик оюндарды өндүрүүчүлөр Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, оюн оору экени жетиштүү далилдер менен бекемделбегенин айтып, чечимди кайра карап чыгууга чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий