• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Комуз күнүнө карата онлайн концерт өттү — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Комуз күнүнө​ карата салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү​ жана комузчулардын катышуусунда онлайн форматта концерт​ өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага министр Азамат Жаманкулов катышып, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Министр өз куттуктоосунда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чара онлайн форматта өтүп жаткандыгын айтып, мындан ары бул майрамдын кулачы кеңейе тургандыгын баса белгиледи.

"Биз, өзүбүздүн салттуу- улуттук аспабыбызды аздектеп сактап, аны муундан-муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деп баса белгиледи Жаманкулов.

Эске салсак, Комуз жумалыгы 13-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий