• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте комуз күнүнө карата “Таңшы комуз” иш-чарасы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Эртең, 9-сентябрда Комуз күнүнө карата “Таңшы комуз” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдык салтанат Маданият министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Иш-чара белгилүү комузчулардын, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын “Акак” комузчулар ансамблинин жана П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздарынын катышуусунда өтөт.

Салтанаттуу иш-чара түз эфирде “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу көрсөтүлөт.

Дареги: Т.Сатылгановдун айкелинин алдында (А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында).

Башталышы саат 18:00дө.

Пикир

Оставить комментарий