• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Комуз" жумалыгы. Маданият министри Жаманкулов Намазбек Уралиевдин өнөрканасына барды

Маданият 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөдө жарыяланган "Комуз" жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу жана комуз уста Намазбек Уралиевдин өнөрканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жаманкулов жана Уралиев учурдагы комуз жасоонун келечеги, кыргыз күүлөрүн эл арасына жайылтуу, аны алтын фондуга жаздыруу, күү баяндары, комузчуларды видео тасмага жаздырып калуу боюнча баарлашып, аны келечекте ишке ашыруу боюнча пландашты.

Белгилей кетсек, Намазбек Уралиев бүгүнкү күндө Карамолдонун «Ибарат»,«Насыйкат», «Сынган бугу», «Терме камбаркан», «Жаш кербез», Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жыргал күн», «Боз салкын» ж.б. залкар күүлөрдү аткарып, республикалык деңгээлдеги ири иш-чараларга активдүү катышып келет. Ошондой эле өзүнүн «Эне жүрөгү», «Эмгек шаңы», «Ысыккөл», «Алтын ордо» ж. б. күүлөрүн улуу комузчу Карамолдонун үлгүсүндө чыгарганы менен белгилүү. Залкар комузчулардын 50дөн ашык күүлөрүн Коомдук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна жаздырган. Ал комуз чертүү менен бирге байыркы аспапты да келтире чапкан чоң уста катары Кыргызстанда белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий