• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Конгонун жараны Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө пунктунда Конгонун 28 жаштагы Б.Ф. М. (B.F.M.) аттуу жараны КРнын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсү менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жаран "Москва-Бишкек" авиа каттамы менен учуп келген. Чек ара кызматкерлери анын паспорттогу маалыматтарын тышкы миграцияны эсептөө базасына киргизгенде ал жарандын электрондук визасы чыккан эмес.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен чет элдик жаранды кайра артка жөнөтүү чечими кабыл алынган.

"Эскерте кетсек, ушуга окшош окуя 2019-жылдын февраль айында катталган. Анда Нигериянын эки жараны КРнын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсү менен Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген", - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий