• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Конкубаева: 2019-жылкы Кылмыш-жаза кодексинде бир катар кемчиликтер болгон, жаңыда алар четтетилди

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.

“Кабар” маалымат агенттигине Башкы прокуратуранын сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө жана пробация боюнча бөлүм башчысы Үмүткан Конкубаева билдиргендей, 2019-жылкы Кылмыш-жаза кодексинде бир катар кемчиликтер болгон.

undefined

“Ал кодекс жетиштүү деңгээлде иштелип чыккан эмес. Бир нече кыйынчылыктарды жаратып келген. Алсак, сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү жазылган эмес, ошондой эле бир ишке эки жаза каралган жана нормалар так жазылган эмес. Өз кезегинде айыптын суммасы асман чапчыган. Лингвистика бөлүгү толук иштелип чыкпай, айрым сөздөр маанисине жараша которулбай калган”, - дейт ал.

Конкубаева жаңы Кылмыш-жаза кодекси өзгөрүп, 68 пайызга кайра иштелип чыкканын белгилейт.

“Жаңы кодексти иштеп чыгуунун үстүнөн 69 адамдан турган эксперттик топ иштеди. Аталган эксперттик топто сот тутумунун өкүлдөрү, Башкы прокуратуранын кызматкерлери, адвокаттар, ИИМдин өкүлдөрү, жарандык коом жана лингвистика багытындагы адистер болду. Мурдагы каталарды бирге талкуулап, оңдоп чыктык. Сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн так белгилеп, айыптын өлчөмүн кайра карап чыктык, аны менен бирге сөздөрдүн которулушун тактап чыктык”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий