• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Конор Макгрегор 90 секунддун ичинде Порьенин эсин оодара турганын айтты

Спорт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун эки салмак чениндеги мурунку чемпиону Конор Макгрегор Дастин Порьенин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Россиялык Хабиб Нурмагомедовдон жеңилген соң Порье ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен беттеш өткөрүү өзгөчө маанини камтыганын айткан.

Порьенин билдирүүсүнө мурунку чемпион өз оюн Twitter баракчасына калтырды.

"90 секунддун ичинде сенин эсиңди оодарам, жигит. Сен менин атымды сый менен аташың керек. "Макгрегор кийинки эмес". Макгрегор дайыма кийинки! Макгрегор – бул максат! Дайыма! Ушинтип айт, анан мен ойлонуп көрөм", - деп Макгрегор Twitter баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедовдон жеңилгенден кийин Порье UFC уюмунун эркин рейтингинде (бүт салмак ченинде) беш тепкичке ылдый түшкөн. Ал эми, россиялык мушкер тизменин экинчи тепкичинде турат.

Пикир

Оставить комментарий