• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Конор Макгрегор карьерасы аяктагандыгын билдирди

Спорт 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасы аяктагандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Салам, достор. Шашылыш билдирүү: мен аралаш мушташ боюнча спорттон кетейин деп чечтим. Өзүмдүн эски кесиптештериме ийгилик каалайм. Мен эми пенсиядагы мурунку өнөктөштөргө кошулам", - деп жазды Макгрегор өзүнүн Twitter'деги баракчасында.

Эске салсак, Макгрегор UFC'нин эки салмагында чемпион болгон.

Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасында 25 беттеш өткөрүп, алардын ичинен 21 жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип калган.

UFC'деги акыркы беттешин ал 2018-жылы октябрь айында өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий