• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Конор Макгрегор карьерасын эмне себептен жыйынтыктаганын айтты

Спорт 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. UFC уюмунун мурунку эки салмактагы чемпиону Конор Макгрегор спорттук карьерасын эмне себептен жыйынтыктаганын айтып бергенин РИА Новости жазып чыкты.

ESPN басылмасынын маалыматына ылайык, ирландиялык мушкердин беттештерге болгон кызыгуусу солгундап, кийинки таймашты күтүүнү каалабай жатканын билдирген.

"Бул оюнга болгон кызыгуу солгундап калды. Көпкө күтүп жатам, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Өзүмдүн атаандаштарымды карап чыктым. Алардын арасынан мага татыктуусун таба алган жокмун", - дейт ал.

Мушкер белгилегендей, UFC уюмуна келечектеги пландарын сунуштаган, бирок аталган уюм мушкердин сунуш кылган пландарын караган эмес.

"Мен бир аз чарчадым. Буга чейинки беттештерди карап көрсөм, алардын бирөөсү да таң калтырган жок. Бул көрүнүш беттештер көрүүчүлөрсүз өткөндүктөнбү, билбейм. Жөн гана ырахаттануу ала албай жатам", - деп мушкер өз оюн билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин Макгрегор өзүнүн карьерасын үчүнчү ирет жыйынтыктап жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий