• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Конор Макгрегор Мейвезердин каршылашы менен беттешкиси келет

Спорт 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Ирланиядык UFC мушкери Конор Макгрегор Флойд Мейвезер менен беттешкен япониялык Тенсин Насукава менен беттешүүнү каалайт. Бул тууралуу ал твиттерде билдиргенин eurosport.ru жазат.

Макгрегор билдирүүсүндө Токиого барып, Насукава менен беттеш өткөргүсү келгенин жазган.

“Мен Токиого барып, ММА’дин көргөзмө беттешинде Тенсин Насукава менен кезикким келет. 2019-жылдын жай айына чейин. Өтүнүч муну уюштуруп бергиле”, - деп жазган мушкер.

Буга жооп катары япониялык мушкер Насукава анын атын унутпаганына рахматын айтып, ал үчүн Конор менен беттешүү сыймык экенин белгилеген.

“Урматтуу Макгрегор мырза, менин атымды унутпаганыңызга рахмат. Мени менен беттешти караштырып жатканыңыз эле мен үчүн сыймык. Балким 58 килограммга чейинки салмак чени, кикбокс эрежелери боюнча жакынкы мезгилдерде жолугуп каларбыз. Жаңы жылда RISE баш байгесинде мушташам, диетаны кармап, мени күтө туруңуз”, - деп жазган мушкер, алардын салмактарындагы айырмачылыкты белгилей кеткен.

Белгилей кетсек, бокс мушкери Флойд Мейвезер менен кикбоксчу Тенсин Насукава 2018-жылдын 31-декабрында беттешип, япониялык мушкер биринчи раундда эле нокаут менен жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий