• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Конор Макгрегор Нурмагомедов – Фергюсондун беттеши орун алса кимиси жеңүүчү аталаарын айтты

Спорт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. UFC уюмунун эки салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши орун алса кимиси жеңүүчү аталаарын айтты. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

UFC уюмунун жетекчиси Дэйна Уайт Нурмагомедовдун кийинки каршылашы Тони Фергюсон болорун бир нече ирет айткан. Мындан улам Макгрегор беттеш тууралуу өзүнүн баасын берди.

"Ким утаарын айтуу кыйын, менимче Хабиб жеңишке жетет. Ошол эле учурда Тони да мыкты мушкер. Ал жеңилсе кайра турат, беттешет жана эч качан чарчабайт. Бирок Хабиб утушка ээ болот деп ойлойм", - деп Макгрегор Киевде өткөн маалымат жыйында билдирген.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 28 беттеш өткөрүп, 28 жеңишке ээ болгон. Анын мурунку каршылашы америкалык Дастин Порье болуп, аны муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Ал эми, Фергюсон ММА уюмунда 28 жолу октагонго чыгып, 25 беттеште жеңүүчү аталган. Ушул жылдын июнь айында Дональд Серронеге каршы чыгып, аны утуп алган.


 

Пикир

Оставить комментарий