• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Конор Макгрегор UFC рейтингинде Валентина Шевченкону артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин эркин рейтингинде бир сапка төмөндөдү. Анын ордуна ирландиялык Конор Макгрегор көтөрүлгөнүн аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

UFC уюмунун мыкты мушкерлердин эркин рейтингинде Конор Магрегор 11-сапка жайгашса, Шевченко 12-орунга түшүп калды.

Макгрегор рейтингде эки сапка көтөрүлүшү UFC 246 мелдешинде америкалык Дональд Серронени 40 секундда утуп алганы себеп болгон. Аталган тизменин сап башында Жон Жонс, Хабиб Нурмагомедов жана Генри Сехудо турат.

Ал эми жеңил салмактагы рейтингде Макгрегор бир орунга көтөрүлүп, тизменин үчүнчү орунуна жайгашты. Ошондой эле жарым орто салмактагы тизмеде ирландиялык мушкер 14-орунга жайгашты. Бул салмакта Конор биринчи жолу Серроне менен беттешкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко өтө жеңил салмактагы рейтингдин сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий