• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Конституциялык кеңешме президенттик шайлоо менен референдумду бир өткөрүү маселесин чече албайт – Койчуманова

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешме президенттик шайлоо менен референдумду бир өткөрүү маселесин чече албайт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин маалымат жыйынында тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, ал маселе тиешелүү органдар тарабынан чечилет.

“Конституциялык кеңешменин алдында өзүнүн милдеттери бар. Биз, бизге берилген конституциялык долбоор боюнча иш алып барабыз. Референдум президенттик шайлоо менен бирге өтөбү деген суроо бизге караштуу эмес. Андай маселени биз чече албайбыз жана карабайбыз. Бул мамлекеттин деңгээлинде чечиле турган маселе. Бизди эч ким шаштырган жок, эч кандай мөөнөт коюлган жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий