• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Конституциялык кеңешмеде этникалык кыргыздар үчүн КР жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциялык кеңешмеде этникалык кыргыздар үчүн КР жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешмеге жарандар эң көп социалдык маселелер боюнча кайрылууда.

"КР жарандыгы жок этникалык кыргыздар үчүн өлкөдө билим алууда, ооруканага кайрылууда жана жумушка орношууда кыйынчылыктар болууда. Мындан улам аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү тартибине өзгөртүү киргизип, аны жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда", - дейт ал.

Ошондой эле Шерипов ЖМКлардын ишмердүүлүгүн, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар Кыргызстанда кабыл алынбайт деген укуктук ченем сунушталганын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий