• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингдин жүрүшүндө маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешме расмий түрдө өз ишин токтотту.

"Бүгүн да көптөгөн сунуштар жана ойлор айтылды. Алардын барын протоколго киргизип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариантты Жогорку Кеңешке беребиз. Конституция - бул мамлекеттин негизги документи. Бул абдан чоң жана татаал иш экен, аны татыктуу аткарганга аракет кылдык", - дейт ал.

Бөрүбашев өз сөзүндө Конституциялык кеңешменин 67 мүчөсү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, өз добуштарын бергендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий