• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Конституциялык кеңешменин жумушунун биринчи этабы аяктады

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Акыркы үч жумадан бери иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин жумушунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингдин жүрүшүндө маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, үч секция тең тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүп, өз сунуштарын беришкен.

"Атайын юристтерден, тилчилерден турган эксперттик топ түзүлгөн, алар кийинки жумада текстти карап чыгып, өз сунуштарын беришет. Аягында бир чечим кабыл алабыз деген ойдобуз", - деп билдирди ал.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтомушев билдиргендей, жумуштун биринчи этабында ар кандай мүчүлүштүктөр чыгышы мүмкүн, ошондуктан алар текстти эксперттерге берүүгө даяр турушат.

"Эксперттер карап чыгып, лингвисттерге тапшырат. Азырынча бул тексттин болжолдуу гана варианты. Эгерде кандайдыр бир маселелер жаралса, аны биз ККнын пленардык жыйынына алып чыгабыз", - деди ал.

Нурлан Шерипов өз сөзүндө иштелип чыккан Конституциянын долбоору адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларга туура келерине ишенерин билдирди. Жаңы долбоорго социалдык топтор, аялдар, этникалык азчылыктар боюнча да бир топ укуктук ченемдер киргизилди. "Ошондой эле аялдардын, балдардын укугун коргоо боюнча да бир топ укуктук ченемдерди сунуш кылдык. Персоналдык маалыматтар боюнча да сунуштар айтылды", - дейт ал.

Ошондой эле Шерипов сөз эркиндиги боюнча да укуктук ченемдер сунушталгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий