• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Конституциялык палата парламенттик шайлоонун жылдырылышын мыйзамдуу деп тапты

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мүчөлөрү Жогорку Кеңешке шайлоонун жылдырылышын мыйзамдуу деп табышты. Чечимди Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев окуду.

Конституциялык палата "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана жактоочулар Таалайбек Усубалиев жана Нурбек Касымбековдун парламенттин 22-октябрдагы чечими менен "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын айрым жоболорунун иштөөсүн токтотуу жөнүндө кайрылуусун канааттандырган жок. Бул ченемдер кезексиз президенттик шайлоону жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү тартибин жөнгө салган "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелерин конституциялык реформа аяктаганга чейин токтото турууну карайт.

Дүйшеев белгилегендей, Конституциялык палатанын чечими акыркы болуп, даттанууга жатпайт.

Пикир

Оставить комментарий