• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Конституциялык палатанын үч судьясы парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунушталган Касымалиев Мукамбет Шадыканович, Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна, Жумабаев Латип Пазылович депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, алар бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алышканын, ошондон улам мамлекет башчысы аларга ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.

Талапкерлер депутаттардын буга чейинки иш тажрыйбалары, Конститутциялык палатанын иш-милдеттери, мыйзамдарда орун алган оош-кыйыштар, судьялардын аларга карата мамилеси, жарандар тарабынан судьялардын дарегине айтылган сын-пикирлер, өздөрүнүн тапшырган бирдиктүү салыктык декларациялары, ар жылдык жеке кирешелери жөнүндө суроолоруна учкай жооп беришти.

Ошентип, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаңы шайланган Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал судьяларды кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн таза, калыс, жигердүү кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий