• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Конституциялык реформа - бул мезгилдин жана элдин талабы — Мамытканов

Коом 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Конституциялык реформа - бул мезгилдин жана элдин талабы. Бул тууралуу бүгүн Конституциялык реформаны талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, элдин алдында чоң тандоо турат: башкаруунун кандай формасын каалашат.

«Кыргызстан супер президенттик да парламенттик да башкарууну көрдү. Биз элге тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Дал ушул Конституция бизди азыркы күнгө алып келди. Конституциялык реформа - элдин талабы. Таза шайлоо да элдин талабы. Эл тандайт, ошондуктан да биз бүгүн референдумга баруу керектигин айттык», - деди Мамытканов.

Пикир

Оставить комментарий