• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конституциялык реформанын жыйынтыгы менен прокуратура тергөөнү жүргүзүүгө укук алат

Коом 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Конституциялык реформанын жыйынтыгы менен прокуратура тергөөнү жүргүзүүгө укук алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 5-февралда маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, учурдагы болуп жаткан конституциялык реформанын алкагында прокуратура органдарына тергөө бериле турган болсо, “биз сөзсүз түрдө Дача-Суу, Түштүк-Түндүк алтернативдүү жол, Ысык-Көлдөгү атмайдан, Датка-Кемин электр берүүсү жана башка ушуга окшогон 10 чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштерин, логикалык жыйынтыгына алып келебиз” деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий