• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Конституциялык сот маморгандар менен документ жүгүртүүнү автоматташтырды

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Конституциялык сот башка мамлекеттик органдар менен документ жүгүртүүнү автоматташтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып КР Конституциялык соту башка мамлекеттик органдар менен санариптик форматта документ жүгүртүүнү жүзөгө ашыруу үчүн "Infodocs" электрондук документ жүгүртүүнүн автоматташтырылган системасына кошулду.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 22-февралынан тартып Конституциялык сот өзүнүн электрондук документ жүгүртүү тутумун конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүү жана ички процесстерди оптималдаштыруу үчүн колдонууда.

Кийинки этапта КР Конституциялык сотунун электрондук документ жүгүртүүнүн ички системасын «Infodocs» ЭДТ менен интеграциялоо пландалууда

Пикир

Оставить комментарий