• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Карыбек Дүйшеев: Конституциялык сотту түзүү – маанилүү саясий чечим

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. “Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы менен КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциялык сот болуп түзүлдү. Мен мындай чечим Конституциялык көзөмөл органынын макамын бекемдөөдө маанилүү саясий чечим болду деп эсептейм”, - деди Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев КР президентине караштуу сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселеси боюнча кеңештин биринчи жыйынында.

Анын айтымында, бул жаңычылдык мындан ары өнүгүүгө түрткү берип, мамлекеттин укуктук жана демократиялык негизин сактоодо маанилүү кепилдик болот. “Маалымат катары айтып коеюн, ушул жылдын февраль айында Конституциялык палата тарабынан КП реформалоо жана анын стратегиясынын концепцияларын талкуулоо боюнча тегерек стол уюштурулган. Аталган иш-чарага өлкөнүн жетекчиси башында турган бардык кызыкдар тараптар катышкан. Жүргүзүлүп жаткан конституциялык рфеорманын алкагында тегерек столдун катышуучулары тарабынан КПнын аталган концепциясы бардык талаптарга жооп берет жана колдонууга ылайыктуу деген чечим кабыл алынган”, - деди ал.

Дүйшеев Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган күндөн тартып нормативдик-укуктук актылардын базасын оңдоого убакыт келгенин белгиледи. "КР президентинин администрациясы тарабынан чоң иштер жүргүзүлдү. Сот тутумун жөнгө салуучу мыйзам долбоорлор иштелип чыкты”, - деп эсептейт ал.

Сот өткөн 8 жылда КПда мыйзам долбоорлоруна байланыштуу бир катар көйгөйлүү учурлар болгонун белгилейт. “Бүгүнкү күндө Конституциялык сотко арыздар келип жатат. Бирок, аларды чечүү үчүн тиешелүү нормативдиу-укуктук актылардын жоктугунан биз бул арыздарды чогултууга аргасызбыз. Ага карабастан ушул арыздар боюнча болжолдуу иштер жүрүп жатат”,-деди Дүйшеев.

Пикир

Оставить комментарий