• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Конституциялык соттун судьялары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Конституциялык сотунун судьяларын шайлоо маселеси каралды.

Тагыраагы, Конституциялык соттун судьяларынын кызмат ордуна Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, алар боюнча Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйында сунушталган талапкерлерге добуш берилип, депутаттар Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеваны Конституциялык соттун судьясы кылып шайлады. Андан соң шайланган судьялар ант беришти.

Пикир

Оставить комментарий