• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Конституциялык соттун төрагасы сот тутумунун кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев сот тутумунун кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Конституциялык соттун төрагасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот тутумунун кызматкерлери!

КР Конституциялык сотунун атынан жана өзүмдүн атыман кесиптик майрам болуп саналган Сот тутумунун кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күн өзүнүн эмгеги менен мыйзамдын улуктугу жана сот адилеттиги принциптерин орнотууга көмөктөшкөн ар бир инсандын майрамы. Сот тутумунун натыйжалуу ишмердиги гана адилеттүү коомдун, укуктук жана демократиялык мамлекеттин түзүлүшүн камсыз кыла алат.

Ушул маарекелүү күнү Сиздерге ден соолук, күч-кубат, жаркын келечек жана жаңы ийгиликтерди жаратуу үчүн кажыбас кайрат каалайм".

Пикир

Оставить комментарий