• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүүнүн кажети жок – Жамин Акималиев

Коом 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Азыркы тапта конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүүнүн кажети жок. Бул тууралуу коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев айрым саясатчылардын өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарын түшүндүрүүдө билдирди.

Академик конституциянын бекемдиги – бул өлкөдөгү саясий туруктуулуктун кепилдиги экендигин белгиледи. “Бул эчак эле дүйнөлүк тажрыйбада далилденген, менимче, бул өңүттөн алганда, конституцияны өзгөртүүнүн кажети жок. Тилекке каршы, биз көз карандысыздык жылдары Конституцияны айырм бир саясий ишмерлердин же жетекчилердин максаттарына жетүүсү үчүн саясий куралга айлантып алдык. Эгемендүүлүктүн 27 жылында биз конституцияны 9 жолу өзгөрттүк. Бул акылга сыйбаган көрүнүш”, - деп түшүндүрдү Акималиев.

Анын айтымында, конституцияны өзгөртүү үчүн олуттуу, социалдык себептер жана ылайыктуу коомдук-саясий кырдаал болушу керек.

“Эгерде конституция социалдык өнүгүүгө тоскоол болсо, анда бул тууралуу айтууга болот. Бирок учурда бул маселени көтөрүүнүн зарылчылыгы жок”, - деп жыйынтыктады Акималиев.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстандын конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун билдирген. Ошону менен бирге ал бийликти көзөмөлдөө органы катары элдик курултай институтун бекитүүнү, Жогорку Кеңешти шайлоо аралаш системада (50% - партиялык, 50% - бир мандаттык шайлоо) өтүүсү боюнча өзгөртүү киргизүүнү жана сот тутумун парламенттик партиянын таасиринен чыгарууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, 2010-жылдагы конституциялык мыйзамга ылайык, конституцияны өзгөртүүгө 2020-жылдын 1-сентябрына чейин мораторий жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий