• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ар бир жаран мектепке чейин, мектепте жана кесиптик окуу жайларда акысыз билим алууга тийиш - Шерипов

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциянын жаңы долбоорун кароодо дүйнөлүк практика эске алынууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, сөз эркиндиги боюнча жаңы норма киргизилди.

"Адамдын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирсе эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бул сөз эркиндигине мыкты норма. Ошондой эле ар бир жаран мектепке чейин, мектепте жана кесиптик окуу жайларда акысыз билим алууга тийиш. Ошондуктан ар бир жаран бала бакча, мектеп жана кесиптик окуу жайлардан акысыз билим ала алат деген норма кошулду. Акысыз билим берүү дароо аткарылып калбаса да келечекте ишке ашырылат", - дейт ал.

Шерипов Баш мыйзамдын жаңы долбооруна пенсия жана жөлөкпулдун өлчөмүн жашоо минимум менен тең кылуу керектиги да каралып жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий