• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Конституциянын долбооруна ЖК депутатынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилди

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы долбооруна Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилди. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда эл бийлиги күчөтүлдү.

"Конституциянын негизги өзгөчөлүгү - эл бийлиги. Биз аны күчөтөйүн дедик. Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Экинчиден, социалдык мүнөздөгү Баш мыйзамды түзгөнгө аракет кылдык", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий