• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Конституциянын жаңы долбоору социалдык болуп саналат - эксперт

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы долбоору социалдык болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдо Конституциялык кеңешменин мүчөсү, КК жумушчу тобунун башчысы Болот Токтобаев билдирди.

Ал белгилегендей, Конституция боюнча референдумга карата элдин маанайы жакшы. “Эл, негизинен, абдан жакшы реакция кылууда, бул процесске катышууга көбүрөөк умтулууда. Бирок бизде демократия - каршы болгондор дагы, колдогондор дагы бар. Колдогондор көбүрөөк десек болот. Бул Конституциянын жаңы долбоору каатчылык убагында келип чыккандыгы менен байланыштуу. Биз бардыгыбыз 2020-жылдын октябрында эмне болгонун билебиз, пандемия, жакырчылык, жумушсуздук, чечүүнү талап кылган көптөгөн социалдык-саясий маселелер келип чыкты. Коомдук-саясий абал туруксуз болуп турду. Бийлик туңгуюкка кептелди. Эгерде карап көрсөк, бул Конституция социалдык болуп саналат. Эң башында үй-бүлө, ата-эне, майыптарды жана жетимдерди коргоо айтылган. Ошондой эле калк арасында пенсияны, жөлөкпулду көтөрүү, үй-бүлө институтун сактоо сыяктуу социалдык беренелер колдоо тапты”, - деди Токтобаев.

Эксперт жаңы Конституция ар бир жарандын аң-сезиминде реформа жүргүзөт деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий