• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Конституциянын жаңы долбоорунда сот системасы салыштырмалуу көз каранды эмес – эксперт

Коом 0

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанда референдум өтүп, анда шайлоочулар президенттик башкаруу формасын тандап алды. Ал эми 9-февралда Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коюлду. Баш мыйзам өткөн жылдын күз мезгилинен тарта Конституциялык кеңешменин кароосунда болгон.

Юридика илимдеринин кандидаты Асел Абакированын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда сот системасы салыштырмалуу көз каранды эмес.

"Бүгүнкү күндө Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагаларын президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Жергиликтүү соттордун төрагалары Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагасынын сунушу боюнча дайындалат. Бул бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн кылынган. Эң негизгиси, сот системасын көзкарандысыздыгын камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте сотторду дайындоо жана каржылык көзкарандысыздык жөнүндө сөз кылыш керек. Эми сотторду тандоо ишин Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеши жүргүзөт. Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңештин курамы биринчи кезекте судьялардан турат. Эми кеңештин курамынын үчтөн экиси соттордун арасынан, калган үчтөн бири президенттин, Элдик курултайдын, Жогорку Кеңештин жана юридикалык коомчулуктун өкүлчүлүгү тарабынан дайындалат", - деди эксперт.

Абакирова Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, сот системасынын бюджети сот тарабынан өз алдынча иштелип чыгарын кошумчалады.

"2010-жылкы Конституцияда сот системасынын бюджети аткаруу бийлиги менен макулдашылып, андан кийин гана республикалык бюджетке кириши керек болчу. Көз карандысыздыкты камсыз кылуу үчүн бүгүнкү күндө сот системасынын бюджети сот тарабынан өз алдынча иштелип чыгат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий