• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Конституциянын жаңы долбоорунда жайыттар мамлекеттин менчигине киргизилди - Абыкеев

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Конституциянын жаңы долбоорунда жайыттар мамлекеттин менчигине киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, “Конституциянын негиздери” секциясы эки күндөн бери Баш мыйзамды талкуулап жатат.

“Азыр 21-беренеге жеттик. Баш мыйзамдын 17-беренесинин 5-пунктунда жер казына, аба мейкиндиктер, суу, токой, өсүмдүк-жаныбарлар жана башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын менчиги деп жазылат. Ал пунктка жайыттарды да коштук. Себеби кыргыз эли жайытка өзгөчө мамиле кылып келген. Акыркы жылдары жайыт маселеси курчуп, талаш-тартыштар да болууда. Мындан улам жайыттарды да мамлекеттин менчигине киргизип, сатылбайт дегенди киргиздик”, - дейт ал.

Абыкеев ошондой эле археологиялык, тарыхый табылгалар, мурастар жана объектилер мамлекеттин менчигине киргизилгенин айтат.

Пикир

Оставить комментарий