• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Консул Абдрахманов Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Нурлан Абдрахманов 23-ноябрда аталган шаардын губернатору Али Йерликая менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Абдрахманов губернаторго Кыргызстандагы ички саясий жагдай боюнча кыскача кабар берип, алдыда өтүүчү президенттик шайлоо жана башка маанилүү саясий окуялардан, учурдагы өлкө жетекчилигинин иш-аракеттери жана өкмөттүн социалдык-экономикалык тармакты жакшыртуу, коронавируска жана коррупцияга каршы күрөшүү, инвестициалык шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттерден маалымат берип өттү.

Али Йерликая Нурлан Абдрахмановду башкы консулдук кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалап кетти.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү боюнча кыскача ачык пикир алмашуу болуп, Стамбул провинциясында туристтик жана жумуш иштери менен келген же туруктуу жашаган кыргыз жарандарынын укуктук жактан коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо боюнча башкы консул менен губернатордун ортосундагы практикалык мамилелешүү жана координациялоо маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун акырында тараптар өз ара тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.

Пикир

Оставить комментарий