• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Консул Борбиев Чикагодогу кыргыз коомдук диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болот Борбиевдин Kyrgyz Community Center аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелерди талкуулоо, ошондой эле тыгыз байланыштарды мындан ары да улантуу жана биргелешкен келечек пландарды талкуулоо максатында уюштурулду.

Башкы консул Борбиев белгилегендей, президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыгына ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону активдештирүү өзгөчө мааниге ээ милдеттер болуп саналат.

Ошондой эле башкы консул Чикагодогу кыргыз коомдук диаспора бирикмелеринин өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын учурунда көрсөткөн активдүүлүгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган: 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Байланыш телефону: 312 994 2416

Ишеним телефону: 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7), электрондук дареги: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий