• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Консул: Киевдеги жардырууга кыргызстандыктын тиешеси тактала элек

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Киевдеги жардырууда өлгөн адам кыргызстандык экендиги тууралуу маалымат расмий тактала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Украинадагы консулу Азамат Кабаев билдирди.

4-апрелге оогон түнү баш калаанын Голосеев районунда автоунаа жарылган. Анда бир киши оор жарадар болуп, кийин ооруканада көз жумган. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчук «Фейсбуктагы» барагына «Мамлекеттик чалгын кызматы – ГРУнун офицеринин автомашинасын жардырам деп, өзү жарылып кеткен адам Кыргызстандын жараны» деп жазды.

«Жарылдыруучу түзмөк дал машиненин алдына бекитилип жатканда иштеп кетип, натыйжада кыргыздын колун билегинен жулуп кеткен» деп жазат депутат.

Кыргызстандын Киевдеги консулу Азамат Кабаев Украинанын улуттук полициясы менен байланышканын, Мосийчук жазган маалымат тактала элек экенин баса белгиледи.

– Интернеттен биз деле окуп атабыз. Украин полициясы менен жолуктук, биздин жаран экенин бышыктаган эч бир документ жок, – деген консул тактоо иштери дагы уланып жатканын кошумчалады.

Ал эми Украинанын улуттук полициясынын басма сөз катчысы Ярослав Тракалого кайрылганыбызда бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

– Украинада күн сайын жарылуу, бизде согуш жүрүп атат. Башкы прокуратурага жана Украинанын коопсуздук кызматына кайрылгыла, – деди ал.

Аталган органдар жана депутат Игорь Мосийчук менен азырынча байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Пикир

Оставить комментарий