• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Консул Лира Сыдыкова Стамбул шаарынын губернатору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-августунда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, Башкы консул губернаторго Кыргызстандагы ички саясий жагдай боюнча кыскача кабар берип, КР президенти С. Жапаровдун эки бордош өлкөнүн кызматташтыгынын өнүктүрүүсүндө иш аракеттерин баса белгилеп, түрк тарабына Түркиянын бир нече провинциясында чыккан токой өртүнүн жана жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Али Йерликая КРнын Стамбул шаарында Башкы консулдук кызматына дайындалышы менен Лира Сыдыкованы куттуктап, ишине ийгилик каалап, Ггубернаторлук атынан Сыдыкова жетектеген Башкы консулдукка боордош мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүнө дайыма даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу алкагында кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык багытында кыскача ачык пикир алмашуу болуп, кыргыз жараандарынын укуктук жактан коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо боюнча Башкы консулдук менен губернаторлук ортосундагы практикалык мамилелешүү жана координациялоо маселелери, ошондой эле регионалдык маселелер, алардын ичинде Түркиядагы көзөмөлсүз качкындардын жана мыйзамсыз жүргөн мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун аягында тараптар өз ара тыгыз кызматташууну мындан ары да колдоо боюнча макулдашууга келишти.

Пикир

Оставить комментарий