• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Концерт-марафондон Аидин Жумалиевдин дарылануусуна миллион сом чогулду

Коом 0

Бишкек, 03.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кечээ, 2-октябрда, Бишкекте өткөн концерт-марафондон музыкант Аидин Жумалиевдин дарылануусуна миллион сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине иш-чараны уюштурган теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Ал билдиргендей, Assol коомдук фонду Филармонияда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук коценрт өткөрүшкөн. Конрцерт аншлаг менен өттү.

Көрүүчүлөр Молдокматованын чыгармачылыгы менен даярдалган Фрунзе шаарына саякат этюддарына күбө болушту. Оюнду Ч.Айтматов атындаг Орус драма театрынын актерлору ойношту.

Марафонду Молдокматова баштап, 10 мин сом салды. Андан соң Газпромдун атынан келген өкүл башкы директордун орун басары Сабырбек Акимбаев, 200 миң сомду кошту. Ал эми Alokazay компаниясынын директору Аманулло Нурмухаммад марафонду 50 сом өлчөмүндөгү жардамы менен улантты.

Залдан Кызыл Жарым айдын ыктыярчылары топтошту.

Жыйынтыгында уюштуруучу Молдокматова 1 млн сом чогулганын билдирип, Жумалиевдин үй-бүлөсүнүн колуна тапшырды.

Теле алып баруучу Аидин Жумалиевге жардам көрсөткөн бардык кайдыгер эмес кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Ал бир катар химия жана радио нурлуу терапия дарылоолорун алышы керек.

Эскерте кетсек, КР Президенти Алмазбек Атамбаев Молдокматованын Аидин Жумалиевге жардам берүү өтүнүчүнө жооп кайтарып, жарым миллион сом бөлгөн. Эми 4000 доллар чогултуу керек.

Өзүнү көмөгүн көрсөтүүнү каалагандар үчүн эсеби жана ЭЛСОМ номери:

DemirBank

Счет 1180000096564417 доллар менен

1180000096564620 рубль менен

1180000096564619 евро менен

Банк SWIFT DEMIKQ22

1180000096564316 сом менен

ЭЛСОМ номери 0550234030.

Аидин Джумалиев

Пикир

Оставить комментарий