• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Концерт, жарманке, спорттук оюндар – Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө

Маданият 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.

Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталды. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий