• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде аткезчилик товарларды ташуу үчүн колдонулган унаа конфискацияланды

Дүйнө 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик товарларды ташуу үчүн колдонулган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Алсак, Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүү учурунда кармалган Ford Transit үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте К.У.О. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Transit үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 1 миң 200 кг, баасы 30 миң сомду түзгөн коондор табылган. К.У.О. коонду Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылган.

Унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

К.У.Ого. 60 миң сом айып салынып, товар 7 миң 400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Пикир

Оставить комментарий