• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандарин кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандаринди кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз товар ташып келүү боюнча 3 факты аныкталган.

“Баткен” бажысынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен 2021-жылдын 3-март күнү Баткен шаарында С.А.Б. аттуу Кыргызстандын жаранынынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 4 100 кг мандарин табылган.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 4-март күнү Баткен шаарында И.И.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 3600 кг мандарин табылган.

Ошондой эле, 2021-жылдын 4-март күнү Баткен шаарында “М.Т.А.,” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач үкөктөрдөгү жалпы салмагы 4360 кг болгон мандарин табылган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий