• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон, - деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Чечим россиялык тараптан сунушталган аппараттык жана программалык ККМ жаңы моделдеринин катышуусунда пилоттук долбоорду өткөрүү жолу аркылуу фискалдык маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

Пилоттук долбоор пилоттук долбоордо колдонулган фискалдык модулдары бар контролдук-кассалык машинанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана баалоого, фискалдык маалыматтарды онлайн режимде салык органына чогултууга, аны оңдолбогон түрдө коргоп сактоого, чогултуунун жаңы технологияларын сынап көрүүгө, салык кызматынын маалымат системасына эсептөөлөр тууралуу маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдуулардын кубаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле экономикалык натыйжалуулукту, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануунун оптималдуу ыкмаларын жана чектерин аныктоого, ошондой эле ККМ карата коюлган талаптарга дал келүүсүн текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда өлкөдө маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган болжол менен 21, 2 миң ККМ катталган, анын ичинде 3,2 миң ККМ жаңы техникалык талаптарга туура келет.

Пикир

Оставить комментарий